Luke.21.1-Luke.21.4; Mark.12.41-Mark.12.44
Mark.12.41-Mark.12.44
2Kgs.12.9; John.8.20
Luke.12.59
2Cor.8.2; 2Cor.8.12
Phil.4.11; Luke.8.43
Luke.21.5-Luke.21.36; Matt.24.1-Matt.24.51; Mark.13.1-Mark.13.37
Matt.24; Mark.13
Luke.19.43-Luke.19.44; Luke.17.22
Acts.1.6-Acts.1.7
Jer.29.8; Eph.5.6; Col.2.8; 2Thess.2.3; 1John.3.7; Jer.14.14; 1John.2.18; John.8.24; Matt.3.2; Matt.4.17; Mark.1.15
Luke.24.37; Rev.1.1
2Chr.15.6; Rev.6.4; Isa.19.2
Rev.6.12; Acts.11.28; Rev.6.8; Isa.19.17; Luke.11.16; Matt.16.1; Mark.8.11; Luke.21.25; Rev.12.1; Rev.12.3; Rev.13.13; Rev.15.1
Luke.21.12-Luke.21.17; Matt.10.17-Matt.10.22
Acts.22.19; Acts.26.11; Acts.4.3; Acts.5.18; Acts.8.3; Acts.12.4; Acts.16.24; Acts.24.27; 2Cor.11.23; Acts.16.19; Acts.27.24; Acts.17.6; Acts.18.12; Acts.24.1; Acts.25.6
Phil.1.13-Phil.1.14; Phil.1.19
Luke.12.11
Exod.4.12; Jer.1.9; Acts.6.10; Acts.4.14
Luke.12.53; Matt.10.35
John.15.18-John.15.21; Luke.6.22
Luke.21.16; John.10.28; 1Sam.14.45
Rom.5.3; Matt.10.22; Matt.24.13; Heb.10.36
Luke.19.43; Dan.9.27
Isa.34.8; Isa.63.4; Hos.9.7; Luke.18.7-Luke.18.8; Matt.1.22
Luke.23.29; 1Thess.2.16
Deut.28.64; Rev.11.2; Ps.78.1; Isa.63.3; Isa.63.18; Dan.8.13; Zech.12.3; Dan.12.7; Rom.11.25
Matt.24.29-Matt.24.51; Mark.13.30-Mark.13.37
Isa.13.10; Isa.24.23; Ezek.32.7; Joel.2.10; Joel.2.31; Joel.3.15; Acts.2.20; Amos.5.20; Amos.8.9; Zeph.1.15; Rev.6.12; Rev.8.12; Rev.6.13; Isa.14.12; Isa.34.4; Ps.64.8
Isa.34.4
Dan.7.13; Matt.26.64; Mark.9.1; Matt.25.31
Job.10.15; Rom.8.23; Eph.4.30; Rom.13.11; Luke.1.68
Luke.12.57; Matt.16.3
Luke.9.27
Ps.101.27; Isa.51.6; 2Pet.3.10; Matt.5.18; Heb.12.27; Ps.118.89; Isa.40.8; 1Pet.1.23; 1Pet.1.25
Rom.13.13; 1Thess.5.6-1Thess.5.7; 1Pet.4.7; Jas.5.5; Matt.13.22; 1Thess.5.3-1Thess.5.4; Luke.12.40; Eccl.9.12; Isa.24.17
Luke.12.37; Matt.25.13; Matt.26.41; Mark.14.34-Mark.14.38; Acts.20.31; 1Cor.16.13; 1Thess.5.6; 1Pet.5.8; Luke.18.1; Hos.12.4; Rev.6.17
Matt.26.55; Luke.22.39; Matt.21.17; Mark.11.19; John.8.1; John.18.2; Matt.21.1
Luke.21.37
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Жесирдин лептасы

Ыйса курмандыктар салына турган кутуга өздөрүнүн Кудайга деген тартууларын салып жаткан бай адамдарды көрдү.
Ага эки лепта салып жаткан жарды жесир аялды да көрүп, мындай деди:
«Силерге чындыкты айтып коёюн, мына бул жарды жесир аял бардыгынан көп салды.
Анткени башкалардын баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды».

Зайтун тоосунда

Бирөөлөр ийбадаткананын кымбат таштар менен, тартуулар менен кооздолгондугу жөнүндө сөз кылып жатышканда, Ыйса мындай деди:
«Силер бул жерде көрүп тургандын баары кыйрап, таш үстүндө таш калбай турган күндөр келет».
Ошондо алар Ыйсадан: «Устат, бул качан болот? Булардын ишке аша тургандыгын кандай белги аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.
Ал мындай деди: «Силерди бирөө адаштырып кетпеши үчүн сак болгула. Анткени: “Машайак Менмин” жана “Аз убакыт калды”, – деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келишет. Алардын артынан ээрчибегиле.
Согуштар жана дүрбөлөңдөр тууралуу укканыңарда, коркпогула. Анткени алгач ушундай болушу керек. Бирок бул дүйнөнүн акыры эмес».
Андан кийин аларга мындай деди: «Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт.
Жер-жерлерде катуу жер титирөөлөр, ачкачылык, жугуштуу оорулар, коркунучтуу көрүнүштөр жана асмандан чоң жышаандар болот.
Бирок адегенде силерге кол салышат. Силерди куугунтукташат, синагогадагылардын колуна салып беришет, түрмөлөргө камашат. Менин ысымым үчүн падышалардын жана башкаруучулардын алдына алып барышат.
Мен жөнүндө күбөлөндүрүшүңөр үчүн ушундай болот.
Ошондуктан эмне деп жооп берүү жөнүндө алдын ала ойлонбоо керектигин көкүрөгүңөргө түйүп алгыла.
Анткени силерге каршы чыккандар каршы тура албагыдай, каршы сүйлөй албагыдай сөз менен акылмандыкты Мен берем.
Силерди ата-энеңер, бир туугандарыңар, тууган-уругуңар жана досторуңар кармап беришет жана кээ бирөөңөрдү өлтүрүшөт.
Менин ысымым үчүн бардыгына жек көрүндү болосуңар.
Бирок башыңардан бир тал чачыңар да жоголбойт.
Чыдамдуулук менен жаныңарды сактап кала аласыңар.

Иерусалимдин кыйратылышы жөнүндө

Иерусалимди аскерлер курчап алганын көрсөңөр, анда анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле.
Ошондо Жүйүт аймагында жашагандар тоого качып кетишсин. Шаардагылар шаардан чыгып кетишсин; шаардын сыртындагылар шаарга киришпесин.
Анткени ошол күндөр – Кудайдын элди жазалай турган күндөрү. Ыйык Жазууда жазылгандардын баары орундалат.
Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот. Анткени жер үстүндө чоң алаамат болуп, бул элдин башына Кудайдын каары түшөт.
Алар өткүр кылычтан кырылышат, бардык бутпарас элдердин арасына туткундалып кетишет. Бутпарастардын заманы бүткөнчө, Иерусалим алардын таман астында калат.

Теңирдин даңк менен келери жөнүндө

Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болот, жер үстүндө болсо адамдар деңиздин күүлдөгөнүнөн, толкуганынан дүрбөлөңгө түшүп, эмне кыларын билбей калышат.
Асман күчтөрү кыймылдап калгандыктан, ааламга келе жаткан алааматты күтүп, адамдар коркунучтан эстен танышат.
Ошондо Адам Уулунун булут ичинде улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.
Бул окуялар боло баштаганда, өйдө туруп, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин куткарыла турган күнүңөр жакындайт».
Анан аларга бул салыштырууну айтып берди: «Анжыр дарагын жана бардык бак-дарактарды карагыла.
Алардын жалбырагы чыгып калганын көргөнүңөрдө, өзүңөр эле жай мезгили келерине аз калганын билесиңер.
Ошол сыяктуу эле ушулар болуп жатканын көргөнүңөрдө, Кудайдын Падышачылыгы жакын калганын билгиле.
Силерге чындыкты айтып коёюн, ушунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.
Асман менен жер жок болуп кетсе да, Менин сөздөрүм аткарылбай калбайт.
Өзүңөргө сак болгула, оюңардын баары эле ашыра тоюу, мас болуу, турмуштук түйшүктөр болуп калбасын. Ал күн силер күтпөгөн убакта келип калбасын.
Анткени ал күн жер үстүндө жашоочулардын баарын тор сыяктуу басып калат.
Ошондуктан сергек болгула, боло турган алааматтардын баарынан качып кутула алыш үчүн жана Адам Уулунун алдына келип туруш үчүн, дайыма сыйынгыла!»
Ыйса күндүзгү убакытты ийбадатканада элди окутуп, ал эми түнкү убакытты шаардан чыгып, Зайтун тоосунда өткөрүп жүрдү.
Элдин баары Анын сөзүн угуу үчүн, ийбадатканага таң атары менен келишчү.