1 Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. 1 This know also, that in the last days perilous times shall come. 2 Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор, 2 For men shall be lovers of their own selves, covetous, boasters, proud, blasphemers, disobedient to parents, unthankful, unholy, 3 элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, 3 Without natural affection, trucebreakers, false accusers, incontinent, fierce, despisers of those that are good, 4 чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда ыракатты сүйгөн, 4 Traitors, heady, highminded, lovers of pleasures more than lovers of God; 5 такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат. Ошондойлордон алыс бол. 5 Having a form of godliness, but denying the power thereof: from such turn away. 6 Андай адамдарга үйлөргө уурданып кирип, күнөөнүн сазына баткан, ар түрдүү кумарларга жетеленген, 6 For of this sort are they which creep into houses, and lead captive silly women laden with sins, led away with divers lusts, 7 дайыма үйрөнгөнү менен, эч качан чындыкты таанып биле албаган аялдарды азгырган адамдар кирет. 7 Ever learning, and never able to come to the knowledge of the truth. 8 Жанес менен Жамбирес Мусага каршы чыгышкандай эле, алар да чындыкка каршы чыгышат. Алар – акылы бузулган, ишеними сыноодон өтпөгөн адамдар. 8 Now as Jannes and Jambres withstood Moses, so do these also resist the truth: men of corrupt minds, reprobate concerning the faith. 9 Бирок алар алыска узашпайт, анткени тигилердин акылсыздыгы бардыгына белгилүү болгондой эле, алардын акылсыздыгы да бардыгына белгилүү болот.
9 But they shall proceed no further: for their folly shall be manifest unto all men, as theirs also was. 10 Сен болсо менин окутуумдан, жашоомдон, максатымдан, ишенимимден, чыдамкайлыгымдан, сүйүүмдөн, көтөрүмдүүлүгүмдөн, 10 But thou hast fully known my doctrine, manner of life, purpose, faith, longsuffering, charity, patience, 11 Антийохеяда, Иконияда жана Листрада башымдан өткөргөн куугунтуктарымдан жана кыйынчылыктарымдан үлгү алдың. Мен кандай гана куугунтуктарды башымдан өткөрбөдүм! Бирок алардын бардыгынан мени Теңир куткарды. 11 Persecutions, afflictions, which came unto me at Antioch, at Iconium, at Lystra; what persecutions I endured: but out of them all the Lord delivered me. 12 Деги эле, Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат. 12 Yea, and all that will live godly in Christ Jesus shall suffer persecution. 13 Кара ниет жана алдамчы адамдар болсо башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка барышат.
13 But evil men and seducers shall wax worse and worse, deceiving, and being deceived. 14 Сен болсо эмнени үйрөнсөң, сага эмне ишенип тапшырылса, ошону сактагын, анткени кимден үйрөнгөнүңдү билесиң. 14 But continue thou in the things which thou hast learned and hast been assured of, knowing of whom thou hast learned them; 15 Анын үстүнө, Машайак Ыйсага болгон ишеним аркылуу куткарылууга боло тургандыгын түшүндүрүүчү Ыйык Жазууну сен бала чагыңдан эле билесиң. 15 And that from a child thou hast known the holy scriptures, which are able to make thee wise unto salvation through faith which is in Christ Jesus. 16 Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. 16 All scripture is given by inspiration of God, and is profitable for doctrine, for reproof, for correction, for instruction in righteousness: 17 Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот.
17 That the man of God may be perfect, throughly furnished unto all good works.