rank: Heb. fat
brought…: Heb. made him run
thou…: or, when thou hearest a dream thou canst interpret it
eaten…: Heb. come to the inward parts of them
withered: or, small
grievous: Heb. heavy
established…: or, prepared of God
officers: or, overseers
perish…: Heb. be not cut off
be ruled: Heb. be armed, or, kiss
fine…: or, silk
Bow…: or, Tender father: Heb. Abrech
Өмүрдү сактап калуучу.
Zaphnath–paaneah: which in the Coptic signifies, A revealer of secrets, or, The man to whom secrets are revealed
priest: or, prince
priest: or, prince
Manasseh: that is, Forgetting
Ephraim: that is, Fruitful
all the storehouses: Heb. all wherein was
Ezek.17.10; Ezek.19.12; Hos.13.15
Ps.76.5; Dan.2.1; Dan.2.3; Gen.41.24; Exod.7.11; Exod.7.22; Dan.1.20; Dan.2.2; Dan.4.4; Matt.2.1
Gen.40.2-Gen.40.3; Gen.39.20
Gen.40.5
Gen.40.12-Gen.40.19
Gen.40.21-Gen.40.22
Ps.104.20; Dan.2.25; 1Sam.2.8; Ps.112.7-Ps.112.8
Gen.41.12; Dan.5.16
Dan.2.30; Gen.40.8; Dan.2.22; Dan.2.28; Dan.2.47
Gen.41.1-Gen.41.7
Gen.41.8; Dan.4.4
Dan.2.28-Dan.2.29; Dan.2.45; Rev.4.1
2Kgs.8.1
Gen.41.25
Gen.41.47
Gen.41.54; Gen.45.6; Gen.47.13
Num.23.19; Isa.14.24; Isa.46.10-Isa.46.11
Gen.41.48
Num.27.18; Dan.4.5; Dan.4.15; Dan.5.11; Dan.5.14
Ps.104.21; Acts.7.10
Gen.42.6
Esth.3.10; Esth.8.2; Esth.8.8; Esth.8.10; Esth.8.15; Ezek.16.11; Dan.5.7; Dan.5.29
Esth.6.9; Gen.41.40; Gen.42.6; Gen.45.8-Gen.45.9; Gen.45.26
Ps.104.21-Ps.104.22
1Sam.16.21; 1Kgs.12.6; 1Kgs.12.8; Dan.1.19
Gen.22.17; Judg.7.12; 1Sam.13.5; Ps.77.27
Gen.46.20; Gen.48.5
Gen.49.22; Hos.13.15
Ps.104.16; Acts.7.11; Gen.41.30
Gen.42.6; Gen.47.14; Gen.47.20; Gen.47.24
Gen.41.54; Gen.41.56
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»

THE FIRST BOOK OF MOSES CALLED GENESIS



KJV
King James Version (1769) with Strongs Numbers and Morphology This is the King James Version of the Holy Bible (also known as the Authorized Version) with embedded Strong's Numbers. The rights to the base text are held by the Crown of England. The Strong's numbers in the OT were obtained from The Bible Foundation: http://www.bf.org. The NT Strong's data was obtained from The KJV2003 Project at CrossWire: http://www.crosswire.org. These mechanisms provide a useful means for looking up the exact original language word in a lexicon that is keyed to Strong's numbers.

Special thanks to the volunteers at Bible Foundation for keying the Hebrew/English data and of Project KJV2003 for working toward the completion of synchronizing the English phrases to the Stephanas Textus Receptus, and to Dr. Maurice Robinson for providing the base Greek text with Strong's and Morphology. We are also appreciative of formatting markup that was provided by Michael Paul Johnson at http://www.ebible.org. Their time and generosity to contribute such for the free use of the Body of Christ is a great blessing and this derivitive work could not have been possible without these efforts of so many individuals. It is in this spirit that we in turn offer the KJV2003 Project text freely for any purpose. Any copyright that might be obtained for this effort is held by CrossWire Bible Society (c) 2003 and CrossWire Bible Society hereby grants a general public license to use this text for any purpose.
Inquiries and comments may be directed to:

CrossWire Bible Society
kjv2003@crosswire.org
http://www.crosswire.org



General public license for distribution for any purpose

артка
жабуу
:
1
Арадан эки жыл өткөндөн кийин фараон түш көрдү. Түшүндө ал дарыянын жээгинде туруптур.
1 And it came to pass at the end of two full years, that Pharaoh dreamed: and, behold, he stood by the river.
2 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрүптүр.
2 And, behold, there came up out of the river seven well favoured kine and fatfleshed; and they fed in a meadow.
3 Алардан кийин көрүнүшү начар, арык жети уй чыгып, дарыянын жээгинде оттоп жүргөн тиги уйларга кошулду.
3 And, behold, seven other kine came up after them out of the river, ill favoured and leanfleshed; and stood by the other kine upon the brink of the river.
4 Анан көрүнүшү начар, арык уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетти.
4 And the ill favoured and leanfleshed kine did eat up the seven well favoured and fat kine. So Pharaoh awoke.
5 Анан ал кайра уктап, дагы түш көрдү. Түшүндө бир сабактан бадырайган жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты.
5 And he slept and dreamed the second time: and, behold, seven ears of corn came up upon one stalk, rank and good.
6 Алардан кийин чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты.
6 And, behold, seven thin ears and blasted with the east wind sprung up after them.
7 Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган, дандуу жети баш буудайды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетип, мунун түш экенин түшүндү.
7 And the seven thin ears devoured the seven rank and full ears. And Pharaoh awoke, and, behold, it was a dream.
8 Эртең менен фараондун тынчы кетип, Мисирдин бардык сыйкырчылары менен акылмандарын киши жиберип чакыртып алып, аларга өзүнүн түшүн айтып берди, бирок эч ким анын түшүн чечмелей алган жок.
8 And it came to pass in the morning that his spirit was troubled; and he sent and called for all the magicians of Egypt, and all the wise men thereof: and Pharaoh told them his dream; but there was none that could interpret them unto Pharaoh.
9 Ошондо башкы шарап сунуучу тура калып, фараонго мындай деди: «Күнөөмдү азыр эстеп жатам.
9
Then spake the chief butler unto Pharaoh, saying, I do remember my faults this day:
10 Фараон кулдарына ачууланып, мени жана башкы нан сунуучуну сакчылардын башчысынын үйүндөгү зынданга каматып салган эле.
10 Pharaoh was wroth with his servants, and put me in ward in the captain of the guard's house, both me and the chief baker:
11 Ошондо биз бир түндө түш көргөнбүз, ага да, мага да өзгөчө мааниси бар түштөр кирген.
11 And we dreamed a dream in one night, I and he; we dreamed each man according to the interpretation of his dream.
12 Ал жерде биз менен сакчылардын башчысынын кулу, жаш эврей жигит бирге болгон. Биз ага көргөн түштөрүбүздү айтып бергенбиз, ошондо ал ар бирибизге түшүбүздү чечмелеп берген.
12 And there was there with us a young man, an Hebrew, servant to the captain of the guard; and we told him, and he interpreted to us our dreams; to each man according to his dream he did interpret.
13 Ал кандай чечмелесе, ошондой болуп чыкты: мен өз ордума кайтып келдим, тигини болсо асышты».
13 And it came to pass, as he interpreted to us, so it was; me he restored unto mine office, and him he hanged.
14 Ошондо фараон киши жиберип, Жусупту алдыртты. Аны зындандан шашылыш түрдө чыгарышты. Ал чачын алдырып, кийимдерин которуп, фараонго келди.
14
Then Pharaoh sent and called Joseph, and they brought him hastily out of the dungeon: and he shaved himself, and changed his raiment, and came in unto Pharaoh.
15 Фараон Жусупка мындай деди: «Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким чечмелей алган жок. Сени түш чечмелей алат деп уктум».
15 And Pharaoh said unto Joseph, I have dreamed a dream, and there is none that can interpret it: and I have heard say of thee, that thou canst understand a dream to interpret it.
16 Жусуп фараонго мындай деп жооп берди: «Мен эмес, Кудай аны фараонго жакшылыкка чечмелеп берет».
16 And Joseph answered Pharaoh, saying, It is not in me: God shall give Pharaoh an answer of peace.
17 Анан фараон Жусупка түшүн айтты: «Түшүмдө мен дарыя жээгинде туруптурмун.
17
And Pharaoh said unto Joseph, In my dream, behold, I stood upon the bank of the river:
18 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрдү.
18 And, behold, there came up out of the river seven kine, fatfleshed and well favoured; and they fed in a meadow:
19 Алардан кийин арык, көрүнүшү эң начар, кыржыйган жети уй чыкты. Мен бүтүндөй Мисир жеринен мындай арык уйларды көргөн эмесмин.
19 And, behold, seven other kine came up after them, poor and very ill favoured and leanfleshed, such as I never saw in all the land of Egypt for badness:
20 Анан жети арык уй мурдагы жети семиз уйду жеп салды.
20 And the lean and the ill favoured kine did eat up the first seven fat kine:
21 Семиз уйлар алардын ичине кирип кетти, бирок алардын ичине кирип кеткени билинген жок. Алардын көрүнүшү баштагыдай эле арык бойдон калды. Анан мен ойгонуп кеттим.
21 And when they had eaten them up, it could not be known that they had eaten them; but they were still ill favoured, as at the beginning. So I awoke.
22 Анан дагы түш көрдүм. Түшүмдө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты.
22 And I saw in my dream, and, behold, seven ears came up in one stalk, full and good:
23 Алардан кийин ичке, чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты.
23 And, behold, seven ears, withered, thin, and blasted with the east wind, sprung up after them:
24 Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган дандуу жети баш буудайды жеп салды. Мен муну сыйкырчыларга айттым, бирок эч кимиси чечмелей алган жок».
24 And the thin ears devoured the seven good ears: and I told this unto the magicians; but there was none that could declare it to me.
25 Ошондо Жусуп фараонго мындай деди: «Фараондун түштөрүнүн мааниси бир: Кудай эмне кыларын фараонго билдириптир.
25
And Joseph said unto Pharaoh, The dream of Pharaoh is one: God hath shewed Pharaoh what he is about to do.
26 Жети семиз уй – бул жети жыл. Жети баш дандуу буудай – бул жети жыл. Экөө бир түш.
26 The seven good kine are seven years; and the seven good ears are seven years: the dream is one.
27 Ал семиз уйлардын артынан чыккан кыржыйган, арык жети уй – бул да жети жыл. Ошондой эле чүрүшкөн, чыгыштын шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай – бул ачарчылыктын жети жылы.
27 And the seven thin and ill favoured kine that came up after them are seven years; and the seven empty ears blasted with the east wind shall be seven years of famine.
28 Мына ошондуктан мен фараонго: “Кудай эмне кыларын фараонго көрсөттү”, – дедим.
28 This is the thing which I have spoken unto Pharaoh: What God is about to do he sheweth unto Pharaoh.
29 Азыр бүткүл Мисир жерине мол түшүмдүү жети жыл келе жатат.
29 Behold, there come seven years of great plenty throughout all the land of Egypt:
30 Андан кийин жети жылдык ачарчылык келет. Мисир жериндеги бул мол түшүмдүн баары унутулуп, жерди ачарчылык жабыркатат.
30 And there shall arise after them seven years of famine; and all the plenty shall be forgotten in the land of Egypt; and the famine shall consume the land;
31 Ошондо молчулуктан кийин келген ачарчылыктын кесепетинен жердеги мурунку молчулук билинбей калат, анткени ачарчылык аябай катуу болот.
31 And the plenty shall not be known in the land by reason of that famine following; for it shall be very grievous.
32 Ал эми фараондун түшүнүн эки ирет кайталанышы Кудай сөзүнүн чындык экенин жана жакын арада Кудай аны орундатарын билдирет.
32 And for that the dream was doubled unto Pharaoh twice; it is because the thing is established by God, and God will shortly bring it to pass.
33 Эми фараон акылдуу, даанышман адам караштырып көрүп, аны Мисир жерине эл башчы кылып койсун.
33
Now therefore let Pharaoh look out a man discreet and wise, and set him over the land of Egypt.
34 Фараон жер-жерлерге көзөмөлдөөчүлөрдү коюп, мол түшүмдүү жети жылда Мисир жериндеги түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйноого буйрук берсин.
34 Let Pharaoh do this, and let him appoint officers over the land, and take up the fifth part of the land of Egypt in the seven plenteous years.
35 Алар келе жаткан жакшы жылдардагы эгиндин баарын азык үчүн фараондун карамагына жыйнап, шаарларга чогултуп алышсын да, сактап турушсун.
35 And let them gather all the food of those good years that come, and lay up corn under the hand of Pharaoh, and let them keep food in the cities.
36 Бул азык Мисир жеринде боло турган жети жылдык ачарчылыкта жер жүзү ачарчылыктан кырылып калбаш үчүн камдалган азык болсун».
36 And that food shall be for store to the land against the seven years of famine, which shall be in the land of Egypt; that the land perish not through the famine.
37
Бул сөз фараонго жана анын кызматчыларынын бардыгына жакты.
37
And the thing was good in the eyes of Pharaoh, and in the eyes of all his servants.
38 Ошондо фараон кызматчыларына мындай деди: «Кудайдын Руху бар ушундай адамды таба алабызбы?»
38 And Pharaoh said unto his servants, Can we find such a one as this is, a man in whom the Spirit of God is?
39 Анан фараон Жусупка мындай деди: «Кудай сага ушунун бардыгын ачып бергендиктен, сендей акылдуу, сендей даанышман адам жок.
39 And Pharaoh said unto Joseph, Forasmuch as God hath shewed thee all this, there is none so discreet and wise as thou art:
40 Сен менин үйүмдү башкарасың, сенин сөзүңдү бүт элим угат, бирок мен сенден тактым менен жогору турам».
40 Thou shalt be over my house, and according unto thy word shall all my people be ruled: only in the throne will I be greater than thou.
41 Ошентип, фараон Жусупка: «Мен сени бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып коём», – деди.
41 And Pharaoh said unto Joseph, See, I have set thee over all the land of Egypt.
42 Анан фараон колунан шакек мөөрүн чыгарып, Жусуптун колуна салды. Үстүнө зыгыр буласынан кийим кийгизип, мойнуна алтын чынжыр такты.
42 And Pharaoh took off his ring from his hand, and put it upon Joseph's hand, and arrayed him in vestures of fine linen, and put a gold chain about his neck;
43 Анан аны өзүнүн арабаларынын экинчисине отургузууга, элге: «Таазим кылгыла!» деп жар салууга буйрук берди. Ошентип, фараон аны бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып койду.
43 And he made him to ride in the second chariot which he had; and they cried before him, Bow the knee: and he made him ruler over all the land of Egypt.
44 Анан фараон Жусупка: «Мен фараонмун, бүткүл Мисир жеринде сенсиз эч ким эч нерсе кылбайт», – деди.
44 And Pharaoh said unto Joseph, I am Pharaoh, and without thee shall no man lift up his hand or foot in all the land of Egypt.
45 Фараон Жусупка Сапенат-Панейах деген ат койду. Ага аялдыкка Оондун дин кызматчысы Потипердин кызы Асынатты алып берди. Жусуп бүткүл Мисир жерин аралаганы чыкты.
45 And Pharaoh called Joseph's name Zaphnath–paaneah; and he gave him to wife Asenath the daughter of Poti–pherah priest of On. And Joseph went out over all the land of Egypt.
46 Жусуп Мисир падышасы фараондун алдына келгенде, отуз жашта эле. Жусуп фараондон чыгып, бүткүл Мисир жерин аралап чыкты.
46
And Joseph was thirty years old when he stood before Pharaoh king of Egypt. And Joseph went out from the presence of Pharaoh, and went throughout all the land of Egypt.
47 Жер мол түшүмдүү жети жылда ар бир баш буудайдан кочуш толтура дан берип жатты.
47 And in the seven plenteous years the earth brought forth by handfuls.
48 Ошондо ал Мисир жеринде болгон түшүмдүү жети жылдын ичиндеги бардык эгинди жыйнап, шаарларга жыйып койду. Ар бир шаарга ошол шаардын тегерегиндеги талаанын эгинин жыйдырды.
48 And he gathered up all the food of the seven years, which were in the land of Egypt, and laid up the food in the cities: the food of the field, which was round about every city, laid he up in the same.
49 Ошентип, Жусуп абдан көп эгин жыйып алды. Эгин деңиз кумундай көп болгондуктан, санаганын да токтотту, анткени санак жетпей калды.
49 And Joseph gathered corn as the sand of the sea, very much, until he left numbering; for it was without number.
50 Ачарчылык келгенге чейин, Жусуп эки уулдуу болду. Аларды ага Оондун дин кызматчысы Потипердин кызы Асынат төрөп берди.
50 And unto Joseph were born two sons before the years of famine came, which Asenath the daughter of Poti–pherah priest of On bare unto him.
51 «Кудай менин бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду», – деп, Жусуп тун уулунун атын Менаше койду.
51 And Joseph called the name of the firstborn Manasseh: For God, said he, hath made me forget all my toil, and all my father's house.
52 «Кудай мени азап чеккен жеримде жемиштүү кылды», – деп, экинчисинин атын Эпрайым койду.
52 And the name of the second called he Ephraim: For God hath caused me to be fruitful in the land of my affliction.
53 Ошентип, Мисир жериндеги мол түшүмдүү жети жыл өтүп кетти.
53
And the seven years of plenteousness, that was in the land of Egypt, were ended.
54 Анан Жусуп айткан жети жылдык ачарчылык келди. Бардык жерде ачарчылык болду, бирок Мисир жери нандан өксүгөн жок.
54 And the seven years of dearth began to come, according as Joseph had said: and the dearth was in all lands; but in all the land of Egypt there was bread.
55 Мисир жеринде да ачарчылык башталганда, эл фараондон эгин сурап боздой баштады. Ошондо фараон бүткүл мисирликтерге: «Жусупка баргыла, ал эмне десе, ошону кылгыла», – деди.
55 And when all the land of Egypt was famished, the people cried to Pharaoh for bread: and Pharaoh said unto all the Egyptians, Go unto Joseph; what he saith to you, do.
56 Бүткүл жер жүзүндө ачарчылык болду. Жусуп бардык кампаларды ачып, Мисир элине эгин сата баштады. Ачарчылык Мисир жеринде күчөгөндөн күчөй берди.
56 And the famine was over all the face of the earth: And Joseph opened all the storehouses, and sold unto the Egyptians; and the famine waxed sore in the land of Egypt.
57 Ошондо Мисирге Жусуптан эгин сатып алыш үчүн, бардык өлкөлөрдөн келип жатышты, анткени ачарчылык бүт жер жүзүндө күчөп турган эле.
57 And all countries came into Egypt to Joseph for to buy corn; because that the famine was so sore in all lands.