Кудай тандап алгандар ишениши үчүн жана такыбаалыкка жеткире турган чындыкты таанып билиши үчүн, Ыйса Машайактын элчиси болуп дайындалган Кудайдын кулу Пабылдан салам! Paul, a servant of God, and an apostle of Jesus Christ, according to the faith of God's elect, and the acknowledging of the truth which is after godliness; Элчилик ишим түбөлүк өмүргө болгон үмүткө негизделген. Ал өмүрдү жалган сүйлөбөгөн Кудай кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун эле убада кылган. In hope of eternal life, which God, that cannot lie, promised before the world began; Убагы келгенде, Кудай Өз сөзүн менин жар салуум аркылуу жарыялады. Жар салуу Куткаруучубуз Кудайдын буйругу боюнча мага ишенип тапшырылган. But hath in due times manifested his word through preaching, which is committed unto me according to the commandment of God our Saviour; Ишеним жолундагы чыныгы уулум Титке Кудай Атабыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
To Titus, mine own son after the common faith: Grace, mercy, and peace, from God the Father and the Lord Jesus Christ our Saviour. Мен сени бүтпөй калган иштерди бүтүрүшүң үчүн жана мен буйругандай, бардык шаарлардагы Жыйындарга башчыларды дайындашың үчүн Критте калтыргам. For this cause left I thee in Crete, that thou shouldest set in order the things that are wanting, and ordain elders in every city, as I had appointed thee: Жыйын башчысы болуп дайындала турган адам кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болсун. Анын балдары жаман жолго түшүп же ээнбаштык кылып жаманатты болбогон, Теңирге ишенген балдар болушу керек. If any be blameless, the husband of one wife, having faithful children not accused of riot or unruly. Жыйын жетекчиси Кудайдын Жыйынын башкаруучу катары кемчиликсиз болушу керек. Ал өзүнүкүн бербеген, ачуулуу, ичимдикке жакын, мушташты сүйгөн, дүнүйөкор адам болбошу керек. For a bishop must be blameless, as the steward of God; not selfwilled, not soon angry, not given to wine, no striker, not given to filthy lucre; Тескерисинче, меймандос, жакшылыкты сүйүүчү, адеп-ахлактуу, адилеттүү, такыбаа, өзүн өзү кармай билген, But a lover of hospitality, a lover of good men, sober, just, holy, temperate; туура окутууга үйрөтө билиши үчүн жана каршы чыккандардын айыбын ача билиши үчүн, окутууга ылайык келген чындык сөзүн карманган адам болушу керек.
Holding fast the faithful word as he hath been taught, that he may be able by sound doctrine both to exhort and to convince the gainsayers. Анткени баш ийбегендер, сөз деп эле сүйлөй бергендер, алдамчылар көп. Мындайлар, айрыкча сүннөткө отургузулгандардын арасында көп. For there are many unruly and vain talkers and deceivers, specially they of the circumcision: Алардын жаагын жап кылуу керек. Алар өз керт башынын уятсыз кызыкчылыктары үчүн, окутпаш керек болгон нерсени окутуп, кээ бир үй-бүлөлөрдү толугу менен бузушат. Whose mouths must be stopped, who subvert whole houses, teaching things which they ought not, for filthy lucre's sake. Өздөрүнүн эле арасынан бирөө, алардын бир акыны: «Криттиктер дайыма калп айтышат, алар – ырайымсыз жырткычтар, жалкоо соргоктор», – деп айткан. One of themselves, even a prophet of their own, said, The Cretians are alway liars, evil beasts, slow bellies. Бул күбөлөндүрүү туура. Ошол себептен алар жүйүттөрдүн тамсилдерине жана чындыктан тайган адамдардын буйруктарына көңүл бурбастан, This witness is true. Wherefore rebuke them sharply, that they may be sound in the faith; ишенимди туура тутушу үчүн, алардын айыбын аёосуз ашкереле. Not giving heed to Jewish fables, and commandments of men, that turn from the truth. Тазалар үчүн бардыгы таза. Ал эми таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган. Unto the pure all things are pure: but unto them that are defiled and unbelieving is nothing pure; but even their mind and conscience is defiled. Алар Кудайды билебиз деп ырасташат, бирок кара ниет, баш ийбес, жакшы иштерди кылууга жөндөмсүз болушкандыктан, кылган иштери менен Аны танышат.
They profess that they know God; but in works they deny him, being abominable, and disobedient, and unto every good work reprobate.