Phil.1.8; Phil.1.4; Phil.2.16; 2Cor.1.14; Prov.16.31; Prov.17.6; Phil.1.27
Phil.2.2
Luke.10.20
Phil.3.1
Jas.5.8
Matt.6.25; Prov.16.3; Rom.1.8
Phil.4.9; Isa.26.3; Col.3.15; John.14.27; Eph.3.19
1Thess.4.1; Phil.3.17; Phil.4.7; Rom.15.33
2Cor.11.9; Phil.2.30
1Tim.6.6; 1Tim.6.8; 2Cor.9.8; Heb.13.5
1Cor.4.11; 2Cor.11.27; 2Cor.11.9
2Cor.12.9; Eph.3.16; 1Tim.1.12
Phil.1.7; Rev.1.9
Phil.1.5; 2Cor.11.8-2Cor.11.9
2Cor.9.5; Rom.1.13; Titus.3.14
Phil.2.25; Gen.8.21; Heb.13.16
Ps.22.1; 2Cor.9.8; Rom.2.4
Gal.1.4; 1Thess.1.3; 1Thess.3.11; 1Thess.3.13; Gal.1.5; Rom.11.36
Gal.1.2
2Cor.13.12
Rom.16.20
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Акыркы насаат

Ошентип, мен сүйгөн жана сагынган бир туугандар, силер менин кубанычым жана таажымсыңар, Теңир жолунда бекем тургула, сүйүктүүлөрүм.
Эйдиядан жана Синтихеден өтүнөрүм, Теңир жолунда оюңар бир болсун.
Жан досум, сенден да өтүнөм, бул аялдарга жардам бер. Анткени алар мени менен, Килемес менен жана ысымдары өмүр китебине жазылган башка кызматташтарым менен бирге Жакшы Кабар таратуу ишине катышышты.
Ар дайым Теңир менен кубангыла, дагы да айтам: кубангыла.
Силердин момундугуңар бардык адамдарга маалым болсун, Теңир жакын.
Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла.
Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт.
Ошентип, бир туугандарым, эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула.
Менден эмнени үйрөнсөңөр, эмнени кабыл алсаңар, эмнени уксаңар, эмнени көрсөңөр, ошону аткаргыла. Ошондо тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот.

Элчинин ыраазычылык
билдирүүсү

Мага кайрадан кам көрө баштаганыңар үчүн, Теңир менен абдан кубандым. Буга чейин деле мага кам көрүүнү ойлочусуңар, бирок ишке ашырууга ыңгайы келбей жүргөн.
Муну муктаж болгонумдан улам айтып жаткан жокмун, себеби болгонуна ыраазы болууга үйрөнгөм:
жокчулукта да, молчулукта да жашай алам. Мен бардыгына үйрөнгөм: ачкачылыкка да, токчулукка да, барга да, жокко да көнгөм.
Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам.
Бирок менин кайгыма ортоктош болгонуңар жакшы болду.
Филипиликтер, өзүңөр билесиңер, Жакшы Кабар таратыла баштаганда, Македониядан кеткенимде, жардам жиберүү жана кабыл алуу ишинде силерден башка эч бир Жыйын мага көмөктөшкөн жок.
Тесалоникада жүргөндө муктаж болгонумда, силер мага бир нече ирет жардам жөнөттүңөр.
Силерден жардам үмүт этип жаткан жокмун. Силердин пайдаңар үчүн көбөйүп жаткан жемишти каалап жатам.
Мен бардыгын алдым, менде бардыгы бар. Эпафродит аркылуу берип жибергендериңерди алдым. Ал тартууларыңар – Кудайга жаккан жыпар жыттуу, жагымдуу курмандыктар.
Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машайак Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт.
Кудай Атабыз кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин.

Элчинин коштошуусу

Машайак Ыйсага ишенген ар бир ыйыкка салам айткыла. Менин жанымдагы бир туугандардын баары силерге салам айтып жатышат.
Бардык ыйыктар, айрыкча падыша сарайындагылар силерге салам айтып жатышат.
Баарыңарга Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгө берсин! Оомийин.