Ps.10.1
Ps.72.25
Exod.19.6; Deut.7.6; 1Pet.2.9
Exod.23.13; Josh.23.7
Ps.72.26; Ps.118.57; Ps.141.5; Num.18.20; Lam.3.24; Deut.32.9; Jer.10.16; Jer.51.19; Ps.22.5; Ps.115.4; Ps.124.3
Mic.2.5
1Sam.23.9-1Sam.23.12; 2Sam.5.18-2Sam.5.19; Ps.16.3; Ps.41.9; Ps.7.10
Acts.2.25-Acts.2.28; Ps.118.30; Ps.108.31; Ps.109.5; Ps.120.5; Ps.9.27; Ps.14.5
Ps.29.13; Ps.56.9; Ps.107.2; Gen.49.6
Job.21.13; Acts.13.35; Ps.88.19; Mark.1.24; Ps.48.10; Ps.102.4
Matt.7.14; Ps.20.7; Ps.35.9
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Дөөттүн ыры.

1 Кудай, мени сактай көр, анткени Өзүңө таянам.
2 Мен Теңирге мындай дедим: Сен менин Теңиримсиң. Сага менин тартууларымдын кереги жок.
3 Мен Сенин жер үстүндөгү ыйыктарыңа, атактууларыңа тартылам.
4 Бөлөк кудайга кайрылгандардын кайгысы көбөйсүн. Мен алардын кандуу курмандыктарын чалбайм, алардын ысымдарын оозума албайм.
5 Теңир менин үлүшүм, менин мурасым. Тагдырым Сенин колуңда.
6 Мага жакшы үлүш тийди, мурасым өзүмө жагат.
7 Мага кеңеш берген Теңиримди даңктайм. Атүгүл, түнкүсүн да жүрөгүм мага акыл үйрөтүп турат.
8 Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм.
9 Ошондуктан жүрөгүм кубанычка толуп, тилим шаттуу сүйлөп жатат. Атүгүл, денем да тынч алды.
10 Анткени Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың, Өз ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.
11 Сен мага өмүр жолун көрсөтөсүң. Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал.